Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүү боюнча арыз берди

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүү боюнча арыз берди.

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында анын арызы каралды.

Бул боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов баяндама жасады.

Аталган комитеттин депутаттары анын арызын колдоп, палатанын жыйынына жөнөтүлдү.

Карыбек Дүйшеев бул кызматты 2019-жылдан бери аркалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан