6 талапкер кайра шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди, 55 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды.
Буга чейин төмөнкү талапкерлер шайлоого катышуудан баш тарткан:
Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.