Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Жаныш Курбанов 2021-жылы ноябрь айында калаа башчысы кызматына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан