Депутат Нурланбек Шакиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди чакырып, чек ара тууралуу маалыматты жабык эшик артында угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз 31-январда комитет отурум өткөрүп, анда чек ара боюнча УКМКнын төрагасы жабык эшик артында бир топ маалыматтарды берген. Коомчулукта 39-протокол боюнча сөз болуп жатат. Бул маселе боюнча УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып берем деген. Ушуну күн тартибине киргизип койсок", - дейт ал.