Депутат Кадырбеков Баткенде жумуш ордун түзгөндөрдү салыктан бошотууну сунуштады

Депутат Нуржигит Кадырбеков Баткенде жумуш ордун түзгөндөрдү салыктан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Быйыл бүгүнкү күндө эң көп жардамга муктаж болгон Баткен облусуна көңүл бурсак. Бир топ сунуштарым бар. Чек ара маселеси жөн эле бүтпөйт экен. Армия күчтүү болуш керек. Чек ара маселесин чечүү үчүн ал жактагы адамдар көчүп кетип калбаш керек. Аларга ошол жерде ушунча кыйынчылыкка карабастан жашап жатканы үчүн рахмат айтышыбыз керек. Жапырт көчүп кетип калса, маселе чыгат. Ошондуктан ал жакка иш ордун түзүш керек. Ишкерлерге шарт түзүп берели. Ким ал жакта жумуш ордун түзсө салыктан бошотолу", - деди Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан