Парламентте чек ара маселеси саат 14:00дө каралат. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов билдирди.
Анын айтымында, маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев берет.
Жыйында депутаттар Баткендеги чек ара маселеси тууралуу айтышты. Бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунушташты.