Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир айлыгын Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга которууну сунушташты.
Депутат Жанар Акаев каражаттар даректүү которулушу керектигин айтты. "Айлыкты эч ким аябайт. Бирок ошол эле убакта ал конкреттүү, даректүү жумшалып, өз убагында жетиши керек. Мына Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары чек арада чыр чыкканда бир айлыгын берген. Анда 120 депутат болчубуз. Кийин ошол акча 4-5 айдан кийин дагы Баткенге жеткен жок. Качан жеткенин, кимге жеткенин билбейм. Бул айтылган сөз же популизм болуп калбасын. Акчаны конкреттүү түрдө которолу", - деди ал.