Жогорку Соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Анын талапкерлиги боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Жыйынтыгында аталган комитет Базарбековдун талапкерлигин колдошту.
Буга чейин бул кызматты Нургүл Бакиров аркалап келген.