Конституциялык соттун төрагалык кызматына Эмил Өскөнбаев дайындалды. Бул туурасында президенттик администрациядан бүгүн, 2-февралда кабарлашты.
Маалым болгондой, өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эмил Өскөнбаев 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун төрагасы болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, буга чейин Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасы кызматынан бошотулду.