Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга учуп кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

Бүгүн, 3-февралда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, сапардын алкагында президент Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышат.

"Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсүнүн делегациясынын курамында:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;
  • Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан