22-январь корей кино сүйүүчүлөрү, башкача айтканда, “дорамачылар” үчүн кубанычтуу күн болду. Бул күнү актёр Чве Тэ Жун жана актриса Пак Шин Хенин үйлөнүү тою өттү. Бири-бирине жарашкан түгөйлөр 2017-жылдан бери кыз-жигит статусунда жүрүп, эми толук кандуу үй-бүлө аталышты. Жакында алар ата-эне статусуна да ээ болушат, бул кабарды түгөйлөр мындан 3 ай мурун сүйүнчүлөшкөн эле. Түштүк Кореянын атактуу адамдары чогулган үйлөнүү той кандай өттү? Пак Шин Хенин үлпөт көйнөктөрүнүн баасы канча? Негизгиси Шин Хе менен Тэ Жундун сүйүү баяны кандай башталган? Кызыктардын баары бүгүнкү макалада.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №1000 санынан окуй аласыз.