Эртең, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна барып көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Баткенге Жогорку Кеңештин "Ынтымак" жана "Ишеним" фракцияларынан депутаттар барат. Алар "Баткен облусунун макамы жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын карайт. Ошондой эле 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө маселеси каралат.
Мындан тышкары Тажикстан менен чектеш аймактардагы кырдаал жана Ош облусунун Ноокат районундагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж айрым унаа жолдорго байланыштуу маалымат угулат.