Бүгүн, 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун жоюп, директору Сабырбек Жумабековду кызматынан бошоткон. Анын ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлүп, ооруканага жаңы жетекчи дайындалган.
Буга нааразы болгон Жумабеков президентке кайрылып, андан акыркы чечимди күтөөрүн айтты.
Ошондой эле аталган оорукананын кызматкерлери чогулуп, министр туура эмес чечим кылганын айтып кыйкырышууда. Окуяны порталдын кабарчысы жеринен чагылдырууда.
Ал жерге барган министрдин орун басарын киргизбей коюшуп, аткаминер ал жерден кетип калганын кабарчыбыз билдирди.