Кайра шайлоо. Бүгүн Бишкектин эки округунда үгүт иштери башталды

Бүгүн, 7-февралда Бишкектин эки округунда үгүт иштери башталды.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Үгүт иштери 26-февралда аяктайт. БШК жалпы 53 талапкерди каттады. Биринчи Май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан