Кайра шайлоо. Үгүт учурунда мыйзам бузуулар жөнүндө кайда билдирүү жөнөтсө болот?

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-февралда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү этабы башталгандыгын, ал 2022-жылдын 26-февралынын саат 8:00гө чейин улантыларын маалымдайт.

Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:

  • талапкерге, саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
  • тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;
  • кайсы бир талапкер катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;
  • талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.

Эгерде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө бузуу орун алгандыгын байкаса, шайлоочу төмөнкүлөргө кайрылса болорун Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат.

Байланышуу

1

Кыска номер

1255

2

WhatsApp

0990 02-12-55;

0502 00-12-55

3

Ишеним телефону

0312 62-62-46

4

Коомдук кабылдама

0312 66-02-40

5

Электрондук дарек

Kgor_cec@shailoo.gov.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан