Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, саясатчы учурда сурак берүүдө. Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мадумаров кол койгон протоколго байланыштуу суракка күбө катары чакырылган.

Токон Мамытов күбө катары суракка чакырылды. 2009-жылы аталган делегациянын курамында Баткенге баргандардын баары суракка алынат”, - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго кол койгон.

Анда Мадумаров Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.

Бул документтин тегерегинде көп сөздөр айтылып келет. Быйыл эле Адахан Мадумаров бул иш боюнча бир нече жолу сурак берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан