“Мен отставкага кетпейм”. Алымкадыр Бейшеналиев аны кызматтан кетти деген кептерге жооп берди

Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүүдөгү иш-аракеттерден кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун көңүл чордонунда болуп турган учур.

Бул ызы-чуу менен коштолгон окуядан кийин Бейшеналиев министрлик кызматтан кетери айтылып, айрымдар бул тууралуу социалдык баракчасына да жазып чыгышты.

Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиевдин өзүнө байланышканыбызда отставкага кетүү планы жок экендигин билдирди.

“Мен кызматтан кеткен жокмун, азыр чогулуш өткөрүп жатам. Мен отставкага кетпейм, чай ичкени кабинетимден чыгып келдим, кабинетимден чыксам эле “кызматтан кетти” деп кеп кыла беришеби?”, - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан