Депутат Жеңишбек Токторбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду тарбияга чакыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өткөндө Эдил Байсалов боюнча сөз болгон. Эдил Байсалов өлкөдөгү 4-киши. Депутаттарды мыскылдап, кемсинтип сүйлөгөнгө ага ким уруксат берди. Кандай акысы бар? Биз депутатпыз. Эгер ал кыйын болсо депутат болуп келбейт беле? Эгер ал депутаттыкка койсо 100 добуш алмак. Аны эч ким сыйлабайт. Отура калып эле кылым кыйшайбайт дейт. Эмне деген, кандай кыл аныкы? Аны тарбияга чакыруу керек. Биз Эдил Байсаловго элдин өкүлү экенибизди түшүндүрүп коюшубуз керек экен", - дейт ал.