Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Социалдык фонддун бюджетин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен мекеменин башчысы Бактияр Алиевсиз кароодон баш тартышты. Бул тууралуу чечим парламент жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Эл депутаты Айбек Маткеримов социалдык тармакты көзөмөлдөгөн Эдил Байсалов менен Социалдык фонддун төрагасы эмне үчүн жыйынга келбей жатканын сурады.
Анда Алиевдин ооруп жатканы айтылды. Жыйынтыгында маселе каралбай, кийинкиге жылдырылды.