"Кактус Медианын" иши адилет каралат. Бул тууралуу маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
"Кактус Медиа" боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык прокуратурасы тергеп жатат. Ал жерде биринчи Кыргыз Республикасы ок атты деген маалымат болчу. Мындай иште дегеле ким болбосун кылган ишине жооп бериши керек. Бул сөз эркиндигине чектөө эмес. Тийиштүү экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш аныкталса жоопко тартылат же иш кыскартылат", - деди Зулушев.