Курманкул Зулушев эжеси каржы пирамидасынын курмандыгы болгонун айтты

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эжеси каржы пирамидасынын курмандыгы болду. Бул тууралуу маалымат жыйында Зулушев өзү билдирди.

Ал эжесинин каржы пирамидасынын курмандыгы болгону тууралуу Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Токбаеванын кызынын камакка алынганы жана ал иштеген каржы пирамидасы тууралуу айтып жатып билдирди.

"Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Токбаеванын кызынын иши боюнча, каржы пирамидасы боюнча Башкы прокуратурага жүздөгөн адамдар кайрылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда Токбаеванын кызы эки айга камакка алынган. Негизи каржы пирамидасы боюнча иштер аябай татаал.
Бул каржы пирамидасынан менин эжем дагы жабыр тарткан. Ал 30 миң доллардай чыгым тарткан. Бирок менин эжеме арыз жазыңыз десем да жазган жок", - деди Зулушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан