Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Раззаковго кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалымат жыйынында журналисттер мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков ЖМКларда «чыккынчы» деген маалыматтар чыкканын, анда ал Тажикстанда атайын кызматы менен иштешет деп айтылганына токтолуп иштин чоо-жайын сурады.
Зулушев бул иштен кабары бар экенин, учурда бул иш боюнча Жеңиш Раззаковго карата кылмыш иши жоктугун айтты. Ошону менен катар аталган маалыматты жарыялаган журналистке козголгон иш бар экенин билдирди.