Мурдагы УКМК жана ИИМ башчылары Орозбек Опумбаев жана Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Маалымат жыйында "УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кызматтарын таштап кетишкени үчүн кылмыш иши козголдубу?" деп журналисттер башкы прокурорго суроо узатышты.
Ага Курманкул Зулушев аларга кылмыш иши ачылбаганын айтып жооп берди.
“УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жеке кылмыш иштер козголгон эмес”, - деди Зулушев.