Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар тууралуу айтканы боюнча арыз түшсө Башкы прокуратура текшерүүгө даяр. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 9-февралда маалымат жыйында билдирди.
«4-ооруканада болуп жаткан чырды билесиңер. Албетте, аткаруу бийлиги чечим кабыл алат, кимди кызматтан кетирет, кандай болот. Ал эми таластыктарга шек келтирүү боюнча мен деле силердей эле окудум. Эгер шек келтирүү боюнча таластык жарандан же сиздерден маалымат түшкөн болсо, биз сөзсүз текшеребиз», — деди башкы прокурор.
Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар тууралуу сөзү талкууга түшүп, кийин министр анын сөзүн бурмалап жатышканын айткан.