Депутат Надира Нарматова бейөкмөттөр тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан кароого киргизүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары бейөкмөт уюмдары боюнча мыйзамы экинчи окуудан өткөндө, биздин мөөнөтүбүз бүтүп калып кетип калганбыз. Бул мыйзамды 6-чакырылыштын депутаттары комитетте карашып, бейөкмөттүн өкүлдөрү Жогорку Кеңештин түзүмүнө 20га жакын адам кирип четке кагышкан. Акыркы мезгилде көрүп жаткандай, бейөкмөттүн өкүлдөрү түрдүү багытта иштерди жүргүзүп жатышат. Ушул маселени көтөрүп чыгууга уруксат берсеңиз. Мамлекеттин тынчтыгы үчүн бул мыйзамды киргизишибиз керек. Алар бийлик бутактарына тынчтык бербей, өлкөнүн өнүгүшүнө жол бербей жатат", - дейт Нарматова.