БШК талапкер Карамушкинанын үстүнөн түшкөн арызды карап, мэрияны күнөөлүү деп тапты

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 округ, Бишкек шаарынын Свердлов районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Ирина Карамушкинанын үстүнөн түшкөн арыз каралып, чечим кабыл алынганын кабарлады.

Ага ылайык, Ирина Карамушкина үгүт иштери баштала электе, 31-январда Свердлов районунда үгүт баннерин илип, талапкерлер арасында бирдей эмес шарт жаратууда деген арыз түшкөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул арызды карап чыгып, мыйзам бузууну тапкан эмес. Анткени аталган үгүт баннери былтыркы парламенттик шайлоо учурунда «Социал-Демократтар» партиясы тарабынан даярдалганы аныкталган.

Ошондой эле арыз каралган күнү баннер аталган орунда жок болгон.

Бул окуядан кийин БШК Бишкек мэриясына үгүт баннерлерин өз учурунда тазалоо талабы менен кат жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан