"Бул кейиштүү көрүнүш". Депутат Шакиев жөлөк пул, пенсия тууралуу маселе көтөрдү

Депутат Нурланбек Шакиев жөлөк пул, пенсия тууралуу маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Шайлоочулар менен жолукканда балдарга жөлөк пул чыгаруу маселеси тууралуу аябай көп суроолор болуп жатат. Мунун кейиштүү жагдайы телевизору, бир саан уйу болсо жөлөк бул берилбейт экен. Муну карап чыгуу керек. Бул абдан кейиштүү көрүнүш. Ушул боюнча тапшырма берип, ушунун үстүнөн иштөө керек. Пенсия көбөйгөндө аз алгандарга аз, көп алгандарга көп акча кошулат экен. Аз алгандарга көп акча кошуу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан