Депутат Марлен Маматалиев электромобилдерди өлкөгө алып келүү маселесин чечүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Дүйнөдө экологияга зыяны жок электромобилдерди колдонууга өзгөчө басым жасалып жатат. Бирок бизде электромобилдерди киргизүүгө ЕАЭБдин алкагында бажы алымы киргизилип, тоскоолдук жаралууда. Андыктан аталган маселени тез арада чечүү керек”, – деди ал.