Депутаттар министрлер кабинетинин жетекчилери Жогорку Кеңештин жыйынына келбегенине нааразы болушту

Бүгүн, 10-февралда депутаттар министрлер кабинетинин жетекчилери Жогорку Кеңештин жыйынына келбегенине нааразы болушту.

Депутат Надира Нурматова Акылбек Жапаров жыйынга катышышы керектигин айтты. "Биз жазгы талаа иштери боюнча көптөн бери министрлер кабинетинен маалымат угалы деп жатабыз. Бүгүн министрлер кабинетинин жетекчилеринин орун басарлары отурат. Жогорку Кеңешти министрлер кабинети тоготпойбу? Көп суроолор бар. Биз көпүрө катары иш жасашыбыз керек", - дейт ал.

Депутат Камила Талиева дагы Акылбек Жапаровдун жыйынга келишин талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан