Ош. Алайда жол тоскондор райондун акимин "сен керт башыңды гана ойлойсуң" деп айыпташты

Алайда жеңил автоунааларды өткөрүү үчүн жол ачылды. Унаалар өткөндөн кийин жол тосуп чыккандар райондун акими Тайырбек Сарыбашевди "Сен керт башыңды гана ойлойсуң" деп айыпташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди. Ал өз учурунда тургундарды мыйзам бузууларга барбоого чакырып, аталган маселе райондун деңгээлинде эместигин жана жооп күтүүдө сабырдуулук менен мамиле кылуу керектигин кошумчалады 
Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда Ак үйдүн алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары да митингге чыгышты. Алар аталган маселени талкуулаган депутаттардын жообун күтүп саат 17:00гө чейин турушарын айтышкан. Митингдин катышуучулары депутат бошотулбаса, Алайдан элди чогултуп келишерин билдиришти.    
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан