Ош. Алайда жол ачылды, бирок митинг уланат

Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркеч-Там жолун ачты. Учурда катышуучулар таркай элек. Депутатты коргоо боюнча түзүлгөн кеңештин жетекчиси митинг уланарын айтты. Жолду ачуу боюнча Артисбек Абылаев "унаалары менен өтө албай тургандардын деле үй-бүлөлөрү бар. Аларды ойлоп жолду ачтык",- деди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.
Бишкекте Ак үйдүн алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары да митингге чыгышты. Алар аталган маселени талкуулаган депутаттардын жообун күтүп саат 17:00гө чейин турушарын айтышкан. Митингдин катышуучулары депутат бошотулбаса Алайдан элди чогултуп келишерин билдиришти.    
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан