Алай районунда депутат Ахматбек Келдибековду коргоо кеңешинин төрагасы Артисбек Абылаев "Келдибековду түштүктүн баласы деп кармашса керек, башкаларды да кармашсын, анан паракорчулук менен күрөшүп жатканына ишенели" деп билдирди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.
Абылаевдин айтымында, депутаттын камалуусуна аймактык бөлүнүүчүлүк да себеп болгон.
“Паракорчулук менен күрөшүп 20 кишинин бардыгын камашканда митингге чыкмак эмеспиз. Бул жерде түндүк-түштүк болуп бөлүп жатышат. Келдибеков Соцфонддо иштеп жатканда пенсиялар көбөйгөнүн билебиз. Аны жалгыз камап койгону паракорчулук менен күрөшүп жатат дегенден күмөн жаратат. КСДПнын бир депутатын камасын, анан биз аларга ишенели. Биздин үнүбүздү уксун деп жол тосуп чыктык. Керек болсо түнгө чейин турабыз”,- деди Артисбек Абылаев.