Депутат: "Айыл чарба министри баяндама жасап жатып жомок айтты"

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча маалымат угулууда.

Депутат Жеңишбек Токторбаев Айыл чарба министрлигинин ишин сындады. "Айыл чарба министрлигинин жумушу катастрофа, нөл, эч кандай жумуш жок. Министр 14 жарым мүнөт баяндама жасап, жомок айтты. Андерсен деген жазуучу өткөн. Ал абдан сонун жомокторду жазган. "Гадкий утёнок", "Дюймовочка", "Русалочка" деген жомокторду жазган. Баяндамаңыз ошол жомоктордой болду. 30 жылдан бери жомок угуп келе жатабыз.

Урматтуу Акылбек Усенбекович, Айыл чарба министрлигинин эмне кереги бар? Бюджети 54 миллион сом экен. Бул министрликтин кереги барбы?", - деди депутат.

Акылбек Жапаров: "Андерсен айткан "Гадкий утёнок" "белый лебедь" болуп калабы деп быйыл болгон акчанын баарын берип жатабыз. Айыл чарба министрлигине мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Функционалдуу түрдө туура айтып жатасыз. Кээ бир министрликтин кереги жок", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан