Президент Садыр Жапаров германиялык кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайерди экинчи мөөнөткө кайра өлкө башчы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашат.
"Кыргыз өлкөсү үчүн Германия менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу мүнөзгө ээ жана биз кыргыз-герман өз ара мамилелеринин ырааттуу кеӊейтилишине зор маани беребиз.
2022-жылдын 3-февралында Кыргыз мамлекети менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул мөөнөттүн ичинде эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелер түзүлүп, учурда ар кандай чөйрөлөрдө көп кырдуу кызматташуу жигердүү өнүгүүдө", - деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.
Садыр Жапаров Франк-Вальтер Штайнмайерге бекем ден соолук жана анын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Германия элине бакубатчылык менен гүлдөп өнүгүү каалады.