Депутат Осмонов мектептер, бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча иш алып баруу керектигин билдирди

Депутат Айбек Осмонов мектептер, бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча иш алып баруу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Биз билим берүүгө салым кылышыбыз керек. Бизде республика боюнча 350 миң бала нормадан ашык окуп жатат. Мектептер, бала бакчалар жетишсиз. Балдардын 30 пайызы гана мамлекеттик бала бакчага барат. Мамлекеттик курулуш агенттигине акча бөлүү керек. Курулуш бүтпөй жаткан мектептерди куруу керек. Билим берүүгө салым кошо турган болсок, ушул маселени чечүү керек", - деди Айбек Осмонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан