Депутат Нарматова мугалимдердин пенсиясын көбөйтүү керектигин айтты

Депутат Надира Нарматова мугалимдердин пенсиясын көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2022-жылы пенсия көтөрүлөт дегениңер жакшы жышаан. Пенсия төлөмдөрүн теңдештирүү маселесине мен канааттанбайм. 30-50 жыл мектепте мугалим болуп иштеген менен өмүр бою иштебеген адамдардын дагы пенсиясы бирдей болуп калат экен. Мугалим ден соолугун кетирип иштейт. Пенсионер мугалимдердин тизмесин тактатып, ошолордун пенсиясын кобөйтүү боюнча токтом кабыл алгыла. Билимдүү мугалимдер дагы мектепте иштегенге кызыкдар болот", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан