17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.
Жыйында баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев жакында министрлер кабинети Баткенде көчмө жыйын өткөрөрүн белгиледи. “Ага ылайык, бардык сунуштарыбызды камтыган токтом кабыл алып берүүбүз максатка ылайык. Ошондой эле Баткен облусуна өзгөчө макам берүүгө байланышкан мыйзамга да түзөтүүлөрдү киргизүү каралууда”, – деди депутат. Андан тышкары жолдорду салуу, социалдык мекемелерди куруу, сугат жана таза суу маселелерин чечүү, инвестиция тартуу, аба каттамдарын көбөйтүү өңдүү сунуштар берилип, токтомго аларды чечүү багытындагы демилгелер киргизилери белгиленди.
Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров демилгени колдой тургандыгын билдирди. “Бирок токтомдун биринчи пунктуна “Баткен облусунун макамы жөнүндөгү” мыйзам кыйшаюсуз аткарылсын” деп эле жазып койсок, бардык маселе чечилет”, – деди ал.
Мындан тышкары бир катар сунуштар айтылып, жыйынтыгында депутаттардын пикирлерин эске алуу менен токтомдун долбоору кабыл алынды.