Кээ бир талапкерлер үгүт иштерин алдын ала баштап жибергени боюнча кайрылуулар түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Кээ бир талапкерлер үгүт иштери баштала электе социалдык тармакка жазып жиберди деген кайрылуулар болгон. Бир күндө Свердлов округу боюнча 4 арызды карадык. Азыр билим берүү, саламаттыкты сактоо, диний мекемелеринен 100 метр радиусунда үгүт иштери жүрбөш керек. Кээ бир талапкерлер туура эмес болуп калганын билип, арызды караганга чейин баннерлерди алып коюп жатышат. Бул дагы жоопкерчиликти сезип жатканы деп айтсак болот. Талапкерлер жоопкерчилик менен иштерин алып барып жатат", - дейт Узарбек Жылкыбаев.