Мугалимдерге маяна төлөө системасы толугу менен кайра каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Орок айылындагы орто мектептин ачылышына катышып жатып билдирди.
"Билим берүү мекемелериндеги мугалимдеринин эмгек акысын төлөө системасы толугу менен кайра каралат. Мугалимдердин айлык акысы окуучулардын санына жараша төлөнүүчү ваучердик системаны да киргизели деп жатабыз. Учурда так эсептөөлөр жүрүп жатат. Көптөгөн мугалимдер убактысынын көбүн окутууга эмес, отчёт жазууга жумшаганына нааразы болуп келген. Мындайга жол берилбөөгө тийиш. Мектеп — таланттуу мугалим менен таланттуу окуучу жолуккан жер десек болот. Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчилигинин алдында жакын арада ишке ашырылышы керек болгон чоң милдеттер турат", - деди Жапаров.