2-мартта Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин колдоду.
Атыр Абдрахматованын өмүр баяны:
Ал 1981-жылы 7-февралда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаары) туулган.
Ал 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Ал эми 2005-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин кайра даярдоо борборунун маркетинг, жарнама адистигин бүтүргөн.
- 2000-2001-жылдары акысыз юридикалык кызматтарды көрсөткөн "Жардам" долбоорунун кеңешчиси;
- 2003-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
- 2007-2009-жылдары "Оберон" ЖЧКсынын юристи;
- 2010-жылы Конституциялык кеңешменин мүчөсү;
- 2011-2013-жылдары Коомдук телерадио берүү корпорациясынын редакциялык кеңешчиси;
- 2013-2015-жылдары "ИИМди реформалоо боюнча чараларды киргизүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун укуктук эксперти;
- 2015-жылы мыйзамдардын аткарылышына парламенттик көзөмөлдү өркүндөтүү үчүн укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу боюнча кеңешчиси;
- 2016-жылы БШКнын мүчөсү болуп шайланган.
- 2020-жылы октябрь окуясынан кийин БШКнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен токтоткон.