Бүгүн, 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карады. Журналисттер соттук процесске катышкан жок. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын айтымында, соттор кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти. Соттун чечими угузулгандан кийин "Ата Журт" фракциясынын депутаттары соттук процесс боюнча маалымат берери айтылууда.
Бүгүн аталган райондук соттун алдына Ахматбек Келдибековдун тарапкелери митингге чыгышкан.
Азыркы тапта Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүүдө.