Бүгүн, 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековду УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камоо чечимин чыгарды. Соттун чечими боюнча маалыматы жок экенин айткан депутаттын жубайы Аида Токтоматова "Дело №" гезитин, КТРК, ЭлТР, 5-каналды туура эмес маалымат тараткандыгы үчүн сотко берерин айтты.
"Тизмеге бизде жок байлыктар да кошулуп көрсөтүлүптүр. Байлыкты таза жол менен иштеп тапканыбызды далилдеп, жолдошумду күнөөлөгөндөрдү чөгөлөтөм" деди Токтоматова өз сөзүндө.