Депутат: "Индиядан, Пакистандан келген студенттерди окутабыз, дарыланууга кайра ал өлкөлөргө барабыз"

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев татаал операцияларды жасай турган жабдыктарды алуу боюнча сунушун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге айтты.

"Биз Индиядан, Пакистандан келген бир топ студенттерди окутабыз, тилекке каршы, өзүбүздүн жарандарыбызды өлкө ичинде операция жасата албайбыз. Кайра эле Индия же Пакистанга дарылануу үчүн жөнөтөбүз.

Акчасы барлар чет өлкөгө чыгып дарыланып келет, ал эми акчасы жоктор бул жакта калып калат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 17 миллиард сом бөлүнөт. Жыл сайын керектүү жабдыктарды алып койсок, канчалаган жарандардын өмүрүн сактап калат белек деген сунуш. Сиздин оюңуз кандай?", - деп суроо салды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөгө лазердик аппараттар алынганын, адистер Орусиядан окуп келген соң операциялар жасаларын айтты.

"17 жеке медициналык окуу жайларда Пакистандан келген студенттер окуп келишкен. Алардын сапаты төмөн болгондуктан азыркы кезде жеке ЖОЖдордон 12син жаап жатабыз. Калган бешөөнү текшеребиз.

Экинчиден колдон келишинче керектүү жабдыктар өлкөгө киргизилүүдө. Кыргыз-Түрк достук ооруканасы ачылды. Ал жерде дүйнөдө жасалып жаткан операциялар жасалууда. Баасы дагы арзан.

Буюрса, бир жылда 300 бөйрөктү алмаштыруу операциясын жасоону пландап жатабыз. Лазердик аппараттарды алганбыз, жакын арада 3 адисти окутуу үчүн Орусияга жөнөтүп жатабыз. Алар келген соң лазер менен шишиктерди алуу операцияларын жасап баштайбыз", - деп жооп берди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан