Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нурланбек Шакиев ооруканалардагы тамак-аштын сапатына кызыкты.
"Ооруканаларда көпчүлүк бейтаптар тамак-ашты үйлөрүнөн алдырышат. Эмнеге тамак сырттан кирет? Себеби сапаты өтө эле начар дейт. Ушул маселеге көңүл буруп койсоңор", - деди депутат.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптарга бир күндүк тамак-ашына 110 сомго чейин акча бөлүнөрүн айтты.
"Бир күндө бир бейтаптын тамак-ашына 65 сомдон 110 сомго чейин бөлүнөт. Бул суммада тамак-аштын сапаты начар болот. Муну көтөргөнгө аракет кылып жатабыз", - деди министр.