Депутат Айбек Маткеримов парламенттин жыйынында ооруканалардын аймагындагы жерлер кайсы мекемеге тиешелүү деген суроо менен министр Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылды.
"Оорукананын короосундагы жерлер ооруканага карайбы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигине карап калабы?" деп суроо узатты ал.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев сатылып кеткен жерлер сот аркылуу кайра кайтарылып алынып жатканын билдирди.
"Оорукананын короосундагы жерлер оорукананын карамагына карайт. Бирок алар сатылып кеткен экен. Сот аркылуу ал жерлерди алып жатабыз. Азыркы кезде Ош облустук ооруканасына тиешелүү жерди алдык.
Жалдагы оорукананын аймагындагы 7 жер менчикке сатылып кеткен. Сот иштери жүрүп жатат. Биринчи инстанциясында уттук. Эми шаардык сотто уткан соң кармагыбызга алабыз. Мындай учурлар өлкө аймактары боюнча көп болуп жатат. Баарын сотко бердик", - деп билдирди Бейшеналиев.