Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламент жыйынында министр Алымкадыр Бейшеналиевге карата болуп жаткан коркутуулар боюнча кылмыш иши козголду беле деген суроо менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.
"Саламаттык сактоо министри бир канча реформаларды өткөрөм деп жатат. Бул киши жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ага карата коркутуулар болуп жатканын айтты. Коомчулукка айтылган соң кылмыш иши козголушу керек. Бул боюнча кылмыш иши козголдубу? " деп депутат суроо салды.
"Бизде Конституцияда министрлер кабинети тууралуу мыйзам бар. Ал жердеги талаптарга ылайык тиешелүү иштерди жүргүзөбүз", - деп жооп берди Абытов.
Ал эми Жанар Акаев жогорудагы маселе боюнча ИИМ, прокуратура тарабынан жообун күтөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев ага карата коркутуулар болуп жатканын SUPER.KG порталына билдирген болчу.