Жогорку Кеңештин депутаты: "Украинадагы Кыргыз жарандары элчиликке байланыша албай жатат"

Украинадагы Кыргыз жарандары Киевдеги Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине байланыша албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган өлкөдөгү Кыргыз жарандары эртең мененки убакыттан бери элчиликке байланыша албай жатат.

"Украина мамлекетиндеги жарандарыбыз элчиликтен жардам сурай албай жатабыз деп чалып жатышат. Ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар. Анткени аталган өлкөдөгү көпчүлүк жарандар мамлекеттен чыгып жатышкан экен", - деп билдирди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан