Акылбек Жапаров Нур-Султанга Ту-154М учагы менен барды (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-февралда Нур-Султан шаарына конду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

"Жапаров жетектеген Кыргыз өлкөсүнүн делегациясы санитардык нормаларга ылайык коронавируска ПЦР тестинен өттү", - деп айтылат маалыматта.

Акылбек Жапаров 24-25-февралда Нур-Султан шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат.

Иш-чарага ошондой эле Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусиянын өкмөт башчылары катышат.

Казак басылмалары жарыялаган сүрөттө Акылбек Жапаров өлкө башчы колдонгон Ту-154М учагынан түшүп келе жатканын көрүүгө болот.

2021-жылдын ноябрь айында президент колдонгон Ту-154М учагы эскиргенин Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан