Депутат Дастанбек Жумабеков унаанын айнектерин караңгылатуу боюнча жарандардан кандай кайрылуулар келип түшкөнүнө кызыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында сурады. Муну менен катар эл өкүлү терезени караңгылатууга уруксат алуу үчүн төлөнүүчү сумманы так белгилөө керектигин кошумчалады.
Өз кезегинде ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов мыйзамды колдогон сунуштар арбын түшкөнүн айтты. “Уруксат берүү боюнча белгиленген баа ар тараптуу каралууда. Жумушчу топ башка мамлекеттердин тажрыйбасын жана ички мыйзамдарды эске алуу менен чечим кабыл алынат”, – деди ал.