Жылдыз Жолдошова: "Жеке таарынычтар мамлекеттик деңгээлде чечилбеши керек"

Бүгүн, 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин 2 айга жылдырды. "Ата Журт" фракциясынын депутаты Келдибеков элдин уулу экенин айтып, "Кыргыздын жигиттери сынган эмес, жеке таарынычтар мамлекеттик деңгээлде чечилбеши керек. Кыргыздын балдарын сындыруу оңой эмес" деди.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. 
Азыркы тапта Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан